Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Арзан баада же коррупциялык жол менен менчикке өткөн мамлекеттин мүлктөрү кайтарылышы керек. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 6 млрд сомдук “ЭлКат” компаниясы толугу менен мамлекетке кайтарылганындай эле башка объекттер да элге өтүшү зарыл. Мамлекетке өткөндөн соң алар сатыкка чыгарыла турган болсо, азыркы баа менен бааланышы кажет.
“Бүгүнкү күндө менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мүлктөр кайтарылып жатат. Анткени алар менчикке өтө арзан баада, коррупциялык жолдор менен берилип кеткен. “ЭлКат” компаниясы да ошондой ишканалар сыяктуу жеке тараптардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып келген да.
Мисал катары айтсак, президент Садыр Жапаров бийликке келгенде “Кумтөр” ишканасын элге кайтарып берди. Эми кен мамлекет үчүн иштетилип жатат. Мурда “Кумтөрдүн” канчалаган тонна алтындары сыртка чыгарылып кеткен. Ошондуктан элдин байлыгы болуп саналган мамлекеттин мүлктөрү кайра кайтарылышы зарыл деп эсептейм.
Эгерде кимде ким ушундай объекттерди менчиктештирип алган болсо, мүлктөрдү элге өз эрки менен кайтарып бериши кажет. Ал эми эгер ошол мүлктөр мамлекетке өткөндөн кийин сатыкка чыгарылса, азыркы баа менен сатылышы керек. Менин оюмча, мамлекеттин мүлктөрү кайра кайтарылып жаткандыгын эл колдойт”, - деди Бакыт Бакетаев.
Белгилей кетсек, Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” ЖЧКсы мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Аталган компания 2007-жылы президенттин Иш башкармалыгынын карамагынан чыгарылып, 65-70 млн долларлык активи менен мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген.