Кыргызстандын илим тармагында реалдуу реформалоо башталат - Бактыкан Төрөгелдиева

Коом Загрузка... 15 Май 2025 14:50
WhatsApp Image 2025-05-15 at 14.56.43.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим тутумун башкаруу түзүмүн Агартуу министрлигине жана Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигине бөлүүдөн илим тармагын реалдуу реформалоо башталат. Бул тууралуу саясий илимдердин доктору, президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Бактыкан Төрөгелдиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, дал ушундай бөлүштүрүү ар бир министрликке чачырабай, өз ишмердүүлүгүндөгү функционалдык багытын, милдетин максаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык илимге интеграциялануу үчүн Европа Биримдиктин (Horizon Europe) программаларына катышып, Түркия, Кытай, Россия менен тыгыз кызматташып келет. Өлкөнүн эл аралык деңгээлде илимий тармактагы активдүүлүгү өсүүдө бирок, ошого карабастан салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. Мисалы, Scopus/WoS макалаларынын саны боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат. 2020-жылдан тарта Кыргызстандын өкмөтүндө жогорку билим берүү жана илим жаатындагы реформалар талкуулана баштаган. 2023-жылы илимди башкарууну модернизациялоого багытталган КР "Илим жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган. 2040-жылга чейин республиканы өнүктүрүү стратегиясында илимди каржылоону ИДПнын 1% чейин көбөйтүү милдети коюлган”,- деди Төрөгелдиева.

Ошондой эле окумуштуу Кыргызстандын илим тармагын өнүктүрүүдөгү негизги шарттар катары төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Илимди каржылоону ИДПнын 0,5–1% чейин жогорулатуу;

- Өлкөгө жаш окумуштууларды кайтаруу үчүн шарт түзүү жана эл аралык илимий борборлор менен биргеликте иш алып баруу;

- ЖОЖдогу билим берүүнүн сапатынын деңгээлин көтөрүү;

- Технологиялык парктарды жана стартаптарды өнүктүрүү;

- IT-сектордун өсүшү аутсорсингден өздүк иштеп чыгууларга өтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт;

- Жасалма интеллекттин жетишкендиктерин билим берүү, илим жана башкаруу секторлорунда активдүү колдонуу;

- Окумуштууларга илимий жетишкендиктери үчүн градациялык (баскычтуу) акы төлөө системасын киргизүү.

Илимдин өнүгүү деңгээли ар бир өлкөнүн экономикасына, мамлекеттик колдоого жана дүйнөлүк илимге интеграцияланууга көз каранды экендигин белгилеген Бактыкан Төрөгелдиева өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун төмөндөткөн негизги көйгөйлөрдү тизмектеп өттү:

- Кыргызстандагы илимди каржылоонун төмөн деңгээли;

- эскирген жабдуулар, көптөгөн лабораториялар 1980-90-жылдардагы технологияны колдонушат;

- кадрлар жана кесипкөй адистердин жетишсиздиги, окумуштуулардын миграциясы - жаш адистер Россия, Казакстан, Түркияга, Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө, АКШга кетүүдө;

- илимий кадрлардын катарында жаш окумуштуулардын аздыгы, жаштар перспективасы төмөн болгондуктан илим тармагына барышпайт;

- Илимий изилдөө тематикасындагы "тыным" жаралып, институттар азыркы учурда талап кылынбаган көйгөйлөрдү изилдөөнү улантууда;

- каражаттарды натыйжасыз бөлүштүрүү - гранттарды жана субсидияларды көбүнчө мыкты изилдөөчүлөр ала албай келишет;

- окумуштуулар менен окутуучулар аз айлык алышкандыктан, бул аларды атаандаштыкка жөндөмсүздүккө алып келет.

Төрөгелдиева белгилегендей, заманбап дүйнө, жасалма интеллект (ЖИ) өнүккөн шартта илимий изилдөөлөр экономиканын, илимдин жана башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүн оптималдаштыруу аркылуу өлкөлөрдүн, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн прогрессин тездетиши мүмкүн.

“Кыргызстанда СССР кулагандан кийин 1991-жылы илим тармагы татаал мезгилди башынан өткөрдү. Республиканын көптөгөн илимий институттары каржылоосуз калып, натыйжада кесипкөй адистер тарап, бүтүндөй илимий багыттар жабылып же деградацияга учурады. Бирок, акыркы жылдары акырындык менен калыбына келүү байкалууда”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө иштерге катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында мурдагы Билим берүү жана илим министрлиги бөлүнүп, эки министрлик болуп түзүлдү. Буга чейин Жогорку Кеңеш жаңы түзүлгөн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматын Бактияр Орозовдун, ал эми Агартуу министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырган.