Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бишкектин басымдуу бөлүгүндө бир сааттай электр жарыгы өчтү.
"Кабар" агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 110 кВ "Парковая" – "Ала-Арча" электр берүү линиясындагы 23 жана 24-тирөөчтөрдүн ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тарабынан үзүлгөн.
Анын кесепетинен борбор калаанын бир бөлүгү убактылуу электр энергиясыз калды. Учурда энергетиктер авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
"Учурда энергетиктер авариялык-калыбына келтирүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатышат. Электр менен камсыздоону мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, өлкө аймагында курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыктан, бардык курулуш компаниялары, атайын техникалардын айдоочулары жана жооптуу кызматкерлери электр тармактарынын корук зоналарынын талаптарын так сактоосу зарыл.
"Электр берүүчү линияларга зыян келтирүү миңдеген керектөөчүлөрдүн жарыксыз калышына, ири материалдык чыгымдарга жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратуучу өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Электр тармактарынын коопсуздугу — жалпы жоопкерчилик. Корук зоналарындагы коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир жарандын жана ар бир ишкананын милдети", - деп белгилейт министрлик.