Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Борбор Азия боюнча Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эң арзан. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Ал коңшу өлкөлөрдөгү электр энергиясынын тарифин мисал келтирип берди:
- Казакстанда тариф — 4 сом 31 тыйындан 5 сом 54 тыйынга чейин;
- Өзбекстанда — 4 сом 30 тыйындан 7 сом 30 тыйынга чейин;
- Тажикстанда — 3 сом 16 тыйындан 3 сом 60 тыйынга чейин белгиленген.
"Бул өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда тариф эки-үч эсеге чейин арзан", — деди ал.