Эколог Бактыбек Саипбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн климаттык көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Биздин аймакта, өзгөчө Кыргызстанда глобалдык жылуулук процесстери планетадагы орточо көрсөткүчтөн тез жүрүп, температуранын жогорулашынан биринчилерден болуп тоо экосистемалары жабыркап жатканын айтты. Бул мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышынан жана таза суунун азайышынан көрүнүп турат. Эксперт мындай кооптуу кырдаалга ылайык Борбор Азияда экологиялык тең салмактуулукту сактап калыш үчүн чукул чараларды көрүү зарылчылыгын белгиледи.

– Борбор Азиянын тоолорундагы мөңгүлөрдүн аянты жарым кылымда дээрлик 20%, ал эми башка маалыматтар боюнча андан да көп кыскарган. Алардын эриши негизинен адамдын ишмердүүлүгүнө байланыштуубу, же миңдеген жылдар бою планетанын климаты бирде ысык, бирде муздак болуп турганынанбы?
– Климаттын өзгөрүшүнө адамдын иш-аракети таасир этээри талашсыз. Ал эми биздин экосистемага зыян келтирүүчү кесепеттерди, ага эмне себеп болгонуна карабастан, нейтралдаштыруу жана мөңгүлөрдүн бузулушун токтотуу адамдын гана колунан келет. Биздин аймактагы кырдаал начарлап кетпеши жана жашообуздагы алгылыктуу шарттар сакталышы үчүн чукул чаралар керек.
Кыскача айтканда, Борбор Азияда абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе тез көтөрүлүүдө. Аймак үчүн учурдагы климат өтө жагымсыз десек болот. Тоолордо мөңгүлөр ээрип жатат, ал эми жакада жайкы температура барган сайын жогорулоодо. Эгер бул тенденция улана берсе, анда 20 жылдан кийин аймактын суу кору 40%га чейин азайып кетиши мүмкүн.

– Абага уулуу заттардын чыгышы экологияны бузушу анык. Уулуу заттарды азайтуу жана "жашыл" энергияга өтүү кыска убакыттын ичинде биз каалаган натыйжаны бере алабы?
– Шамал, күн энергиясын колдонуу жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндө сөз кыла турган болсок, “жашыл" энергетика биздин бардык көйгөйлөрүбүздү чече албайт. Булардын баары биригип, ийгиликтүү колдонулса дагы биздин муктаждыктарыбыздын жарымына жакынын гана жаба алат. Ири станцияларды куруу көп жылдарды талап кылат. Камбар-Ата-1 ГЭСин техникалык-экономикалык негиздемеси жаңылануу стадиясында турат. Бирок, сууну үнөмдөп, мөңгүлөрдү азыртадан сактап калышыбыз керек.
Ошол эле чоң суу сактагычтын толуп турушу климатты жумшартып, абанын температурасынын кескин өзгөрүшүн кармап турат. Бул фактор дагы мөңгүлөрдүн ээрүүсүн жайлатмак. Бирок, учурда биз Токтогул суу сактагычынын суусун кышында электр энергиясын өндүрүү үчүн суунун бир топ көлөмүн агызып салабыз. Башкача айтканда, бир гана "жашыл" энергияны колдонуу менен климаттык тузактан чыгуу биз үчүн өтө кыйын болот.
– Борбор Азиядагы глобалдык жылуулук процессин басаңдатуу үчүн эмне кылсак болот? Сиз эколог катары мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн кандай антикризистик планды сунуштай аласыз?
– Биринчиден, мөңгүлөрдүн тегерегиндеги тоолордун боорлоруна дарак көчөттөрүн (эң жакшысы Тянь-шань карагайы) жыл сайын милдеттүү жана тынымсыз өтө узак убакыттын ичинде (болжол менен 20-30-жыл) отургузуу зарыл. Гидробиотикалык насостун принцибине таянып, бул дарактар жер астына терең жайылган тамырлары менен суу, ал эми жер үстүндөгү бөлүгү менен ным бөлүп чыгара баштайт. Бул ным өз кезегинде булуттарга айланып, мөңгүлөрдүн үстүнөн жамгыр жана кар түрүндө жаай баштайт. Акыры, бул жаан мөңгүлөрдүн үстүнө муз пайда кылып, алардын ээришин басаңдатат.
Албетте, Кыргызстан да, Тажикстан да өз алдынча мындай масштабдуу бак-дарактарды отургузууну ишке ашыра албайт. Бул глобалдуу экологиялык долбоорду ишке ашырууда Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан бизге жардам бериши керек, анткени бул мамлекеттер үчүн жакындап келе жаткан суунун тартыштыгынан сактануунун бирден-бир жолу. Ошондой эле биз Кытай менен Россияны да бул ишке тартышыбыз керек.
Мындан тышкары, мөңгүлөрдүн четтерине алардын жээктеринин эрүүсүн жайлатып, мөңгүлөрдүн жылышын токтотуу үчүн кар жасай ала турган замбиректерди, генераторлорду жана муз конденсаторлорун орнотсо болот.
Экинчиден, Нарын дарыясындагы ГЭСтер каскадынын курулушун бүтүрүшүбүз керек. Чындыгында, бул гидротехникалык курулуштар биринчи кезекте электр энергиясын өндүрүүчү катары эмес, суу жыйноочу катары курулган. Алардын негизги милдети жаз жана жай мезгилдеринде Өзбекстан менен Казакстанды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болгон.
Бул ГЭСтер каскадынын суу сактагычтары да тоо климатын жөнгө салууга жана глобалдык жылуулукту ооздуктоого жардам бермек. Бул суу сактагычтардын суусу бууланып, булуттардын пайда болушуна жардам берет. Булуттар мөңгүлөргө жамгыр төгүп, ошону менен алардын азайышын басаңдатат.
Ошентип, мөңгү зонасынын тегерегиндеги тоо боорлоруна бак-дарактардын көчөттөрүн системалуу түрдө отургузуу, ошондой эле Нарын дарыясында ГЭСтер каскадын курулушу аяктаса, алардын толук кандуу суу сактагычтарынын жардамы менен тоолуу райондордо жылуулуктун темпин олуттуу азайтууга, ошону менен жердин деградациясын басаңдатууга мүмкүн болмок.

– Кандай болгон күндө да сууну үнөмдөөгө туура келет. Анткени, саратан узакка созула турган болсо, бир гана муздар ээрибестен, жаан-чачындын көлөмү да азаят. Ошол эле учурда биздин аймакта жер астына жөн эле казылган каналдар дагы эле көп, талааларды сугаруу арык ыкмасы менен жүргүзүлөт. Эл аралык конференциялардын биринде мындай ыкма менен суугаруу натыйжасыз болуп, сугат суунун дээрлик жарымы коромжуга учурашы айтылды. Бул жагдайды кантебиз?
– Эгемендүүлүктүн 30 жылында СССРден мураска калган суу каналдарыбыз жана башка ирригациялык курулуштарыбыз таптакыр жараксыз абалга келди. Эски сугат тармактары абдан начар абалда. Натыйжада суунун 50%га чейинкиси текке кетип жатат. Ал талаага жетпей, жерге сиңип кетет. Ошондуктан талааларга сууну толук жеткирүү үчүн заманбап суу коллекторлорун, суу сактагычтарды жана суу бөлүштүргүчтөрдү, бетон каналдарды жана акведуктарды, ошондой эле пластик түтүктөрдү куруу зарыл. Биз колдонгон салттуу ирригациялык система түп тамыры менен эскирген. Сууну чыгымдоого абдан катуу көзөмөл киргизүү зарыл. Болбосо, болжолдогон түшүмдүн 60%га чейин жоголуп турушу мүмкүн.
Биз болсо талааларды кантип сугарабыз?! Суу менен жердин түшүмдүү катмарын жууп салабыз. Совет доорунда ушунча көп болгон сугаруучу машиналар кайда? Аларды пайдаланганда суунун чыгымдалышы 2-2,5 эсеге кыскармак. Түтүк менен сугаруу кеңири колдонулчу. Совет доорунда системалуу сугаруу үчүн түтүктөрдүн ар бир 50-60 см сайын тешикчелеринен суу үнөмдөлүп чыгып турчу.
Бул учурдагы тамчылатып суугаруунун советтик мисалы болгон. Башкасын айтпаганда да заманбап тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизсек, айыл чарбасына сууну азыркыдан ондогон эсе аз пайдаланып, түшүм да көп болмок. Бул бизге эле эмес, коңшуларыбызга да тиешелүү.
– Эгерде биз сууну үнөмдөгөнгө үйрөнсөк, ошондо кургакчылык мезгилинде суу чарбалык иштерге да, айыл чарба жерлерин суугаруу үчүн дагы жетиштүү болобу?
– Биз мунун баарын тездетишибиз керек. Суу сактагычтары бар ири ГЭСтерди куруп, суук мезгилде эбегейсиз көлөмдөгү сууну коротпош үчүн атомдук жана водороддук энергияны пайдалануу жөнүндө олуттуу ойлонушубуз керек.
Мөңгүлөрдүн айланасына токой өстүрүү боюнча масштабдуу экологиялык иш-чаралар, тамчылатып суугаруу ыкмасын айыл чарбасына кеңири жайылтуу да маанилүү. Эгерде биз бул максаттарга жетише алсак, анда глобалдык жылуулуктун кесепеттерин бир топ жеңилдете алабыз.