Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Туризм бул – өлкөнүн экономикасын эле эмес, имиджин да көтөрө турган тармак. Ушул тапта туристтик сезондун башталышы менен чет жактан келген эс алуучулардын агымы көбөйө баштады. Алдын ала маалымат боюнча бул жылы 10 млн туристтин келиши күтүлүүдө.
Мындай сандагы туристти тосуп алууга даярдык кандай? Дегеле өлкөдөгү туризм абалы, шарттары, бул багытты өнүктүрүү үчүн иштелип жаткан ири долбоорлор, алдыда өтүүчү иш-чаралар тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине маек курду.