Кыргызстан менен Тажикстан соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өзгөчө маани берүүдө – Керимбаев

Маек Загрузка... 09 Июль 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде соода-экономикалык алаканы арттырууга өзгөчө маани берилди. Душанбе шаарында экономикалык жана инвестициялык форумда да инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланып, макулдашууларга жетишилди. Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү үчүн жасалып жаткан кадамдар тууралуу “Кабар” агенттиги Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев менен маек курду.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 16.29.50.jpeg

- Мамлекеттик сапардын алкагында Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын инвестициялык жана экономикалык форуму өттү. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын талкуулоого аянтча болуп берген иш-чаранын жыйынтыктары тууралуу айта кетсеңиз.

- 7-8-июлда Душанбе шаарында инвестициялык жана экономикалык форум болуп өттү. Бул форумга биздин ишкерлерди жана тажик тараптын ишкерлерин кошкондо жалпысынан 500гө жакын бизнес өкүлдөр катышты. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын көп инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү айтылып, көрсөтүлүп берилди. Ишкерлер бир катар келишимдерди түзгөнгө да жетишишти. Мисал келтирсем, текстиль тармагындагы келишимге ылайык, Тажикстанга биз кийим-кечелерди экспорттоп баштамай болдук. Айыл чарба тармагында болсо, сүт жана эт азыктарын экпорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Негизинен Кыргызстандын Тажикстан тарапка айыл чарбадан баштап жеңил өнөр жай тармагынын товаларына чейин сатууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 500 кВ түзгөн “Датка – Сугд” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгысы курулуп бүттү. Электр энергиясын экспорттоого багытталган келишимдерге да кол коюлду. Токмок шаарындагы айнек заводу продукциясын коңшу өлкөгө сатуу боюнча келишимге кол койду. Ал эми тажик тарап биздин өлкөгө өнөр жай продукцияларын, жашылча-жемиштерди экспорттоого, дагы бир катар тармактарда иштерди жылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 16.29.34.jpeg

- Кыргызстан менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлмөй болду. Бул кеңеш эми кандай иштерди алып барат?

- Ооба, мамлекеттик сапардын алкагында кол коюлган документтердин арасында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу бар. Бул келишим боюнча ишкерлерди колдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кароо эң башкы иштерден болот. Кеңештин түзүлүшү биз үчүн да, ишкерлер үчүн да кубанычтуу окуя. Себеби, өлкө президенттери соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы баскычка чыгарууга абдан маани берип жатат. Кайсы гана ишкер болбосун Тажикстанда ишкердигин жүргүзүү үчүн инвестиция салам десе, эшигибиз ачык, жардам беребиз. Ошол эле учурда Кыргызстанга инвестиция салууга же биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга пландары бар Тажикстандын ишкерлерине көмөк көрсөтөбүз. Ишкерлер кеңеши ар бир жаран, ар бир ишкер үчүн ачык болот. Ошондой эле кеңешке мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Бардык кызыкдар ишкерлерди бизге кайрылууга чакырып кетем.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 16.29.06.jpeg

- Экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө Кыргызстан инвесторлорго кандай шарттарды түзөт?

- Президент Садыр Жапаров Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү экономикалык байланыштарды арттыруу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү, соода жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болорун баса белгиледи. Анткени, кеңеш аркылуу эки мамлекеттин соода алакасын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ошондой эле мамлекет башчыбыз Кыргызстанда ар бир жаран жана чет элдик инвестор үчүн бардык шарттар жана кепилдиктер түзүлүп жатканын, бул ишкердик чөйрөгө болгон ишенимди арттырарын да айтты. Эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп, ишкерлерге колдоо көрсөтөбүз. Чек аралар ачылгандан бери жанданган кыргыз-тажик соода байланышына жаңы күч, дем берүүгө толугу менен даярбыз. Менин оюмча, Ош облусундагы "Карамык", “Кайрагач”, “Кызыл-Бел”, "Бор-Дөбө" көзөмөл-өткөрүү жайларынын иши жандандырылгандыктан, эки өлкөнүн карым-катышы дагы да артып, экспорттун көлөмү көбөйөт деп турабыз. Мындан улам эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү Кыргызстанга да, Тажикстанга да пайда алып келет десек болот.