Артисттердин пенсияга чыгуу тартиби өзгөрдү: Жаңы тизме бекитилди

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 18:45
istock-854289042.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинети театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти.

Токтомго ылайык, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар балет артисттери, бий аткаруучулар, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, 50 жашка чыккан балбандар, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.