Арстан, аюу жана карышкыр: Токмоктогу көчмө зоопарктан 11 түр жапайы жаныбар алынды

Коом 15 Апрель 2026 10:50
670509728_946429054676891_8359534250619140461_n.jpg
670351994_946428994676897_770550518421265220_n.jpg
670406796_946428988010231_4699918721741869179_n.jpg
669746893_946428954676901_693233993628466367_n.jpg
672240950_946428918010238_5133006888590481522_n.jpg
671871890_946428898010240_4195646149896308250_n.jpg
672342699_946428804676916_4526574533427137907_n.jpg
671648692_946428808010249_7022440683228606633_n.jpg
673113620_946428834676913_9194909406362139964_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Токмок шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан көчмө зоопарк аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде адистердин катышуусунда рейд жүргүзүлүп, шаардын 3-кичи районунда жайгашкан көчмө зоопарк текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында жапайы жаныбарларды кармоого тиешелүү уруксат берүүчү документтердин жоктугу аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча жеринде акт түзүлдү. Жапайы жаныбарлардын мыйзамдуу келип чыгышы толук такталганга чейин, алар убактылуу кароого "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.

Көчмө зоопарктан алынган жапайы жаныбарлардын тизмеси:

  • Африка арстаны – 1;
  • Карышкыр – 4;
  • Канада карышкыры – 1;
  • Күрөң аюу – 1;
  • Маймыл (мартышка) – 1;
  • Чоң үкү – 1;
  • Кенгуру – 1;
  • Чөө – 3;
  • Эму төө кушу – 1;
  • Эки өркөчтүү төө – 1;
  • Кара жору – 1.

Учурда топтолгон материалдардын негизинде мыйзам чегинде чара көрүү иштери жүрүүдө.