Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бүгүн, 17-декабрда президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында жогорку окуу жайлардын ролу боюнча форум болуп өттү.
Форумга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Арслан Койчиев Уңгу жолдун маани-маңызын мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги улуттук идеологиялык багыты катары белгилеп, анын башкы максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим, илим жана инновацияга таянган атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоо экенин белгиледи.
Мамлекеттик катчы ошондой эле университеттерди улуттук идеяны ишке ашырууда активдүү болууга чакырып, бирдиктүү аракет кылууну сунуштап, жаштарга таалим-тарбия, билим жана улуттук баалуулуктарды жеткирүү үчүн конкреттүү демилгелерди ишке ашырууга чакырды.
Арслан Койчиев сөзүнүн жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине базалык университет катары улуттук идеологияны жайылтууда жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын ишин координациялоону, илимий-методикалык программаларды иштеп чыгууну, изилдөө платформаларын түзүүнү жана улуттук деңгээлдеги форумдарды, конференцияларды уюштуруу милдеттерин аткарууну тапшырды.