Арслан Койчиев: Ак калпак жөн гана баш кийим эмес, улуттун бийик сыймыгы

Коом 4 март 2026 21:15
IMG_1355.jpeg
IMG_1356.jpeg
IMG_1357.jpeg
IMG_1358.jpeg
IMG_1359.jpeg
IMG_1360.jpeg
IMG_1361.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1355.jpeg
IMG_1356.jpeg
IMG_1357.jpeg
IMG_1358.jpeg
IMG_1359.jpeg
IMG_1360.jpeg
IMG_1361.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта, Улуттук тарых музейинде президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө жарлыгынын алкагында “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун улуу мурасы” аталышындагы тегерек стол өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, белгилүү окумуштуулар, маданият ишмерлери, этнодизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана студенттер катышты. Катышуучулар улуттук кийимдердин бүгүнкү күндөгү орду жана мааниси тууралуу мазмундуу ой-пикирлерин ортого салышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө кыргыз элинин ак калпагынын жана улуттук кийимдеринин аң-сезимди калыптандыруудагы ролун өзгөчө баса белгиледи. Ал калпак жөн гана баш кийим эмес, улуттун бийиктигин көрсөткөн сыймык экенине токтолду.

“Калпактын төбөсү бийик, кыргактары көркөм жасалганы бекеринен эмес. Бүгүнкү күндө ”замандын талабы“ деген шылтоо менен улуттук кийимдерди ыксыз бурмалоолорго жол бербешибиз керек. Биз улуттук кайра жаралуу доорун куруп, жаңы бийиктиктерди жаратышыбыз зарыл”, — деди А. Койчиев.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы жалпы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, улуттук мурасты сактоодо жана өнүктүрүүдө жалпы коомчулукту биргелешип аракеттенүүгө чакырды.