Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаты Медина Кайрылбекова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында аскерде кызмат өтөп жаткандардын арасында башка улуттардын өкүлдөрү канча пайызды түзөрүнө кызыкты.
Коргоо министрлигинин өкүлү ведомство жыл сайын аскердик кызматка тартылган башка улуттагы жарандардын санын көбөйтүү боюнча иш алып барарын билдирди.
Депутат армиянын катарында башка улуттардын өкүлдөрүн көрбөй жатканын белгиледи.
Коргоо министрлиги бул маселе боюнча толук жазуу жүзүндөгү отчет берилерин айтты.