Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын аркан тартыш боюнча курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Башкы машыктыруучу Бакыт Мадановдун айтымында, даярдыкка үч команда катышууда.
Анткени аркан тартыш мелдеши үч категория боюнча өткөрүлөт:
- 8ге 8;
- 4кө 4 :
- 1ге 1.
"Даярдык жакшы жүрүп жатат. Биз окуу-машыгуу жыйынына келдик. Жигиттердин ден соолугу жакшы, тамак-ашы да мыкты уюштурулган. Ошондой эле Казакстандын курама командасы келди, учурда биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатабыз", - деди ал.
Машыктыруучу белгилегендей, буга чейин Көчмөндөр оюндарына даярдык учурунда бир гана команда келип, 10 күн бою машыгып келген. Бул жолу катышуучулардын саны эки эсеге көбөйүп, эки курам түзүлгөн.
Бакыт Маданов командага бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилеп, бул үчүн агенттикке ыраазычылык билдирди.
"Бардык керектүү шарттар түзүлдү. Эми бардыгы команданын өзүнө байланыштуу. Ошентсе да колдон келген бардык аракеттер жасалат", - деди башкы машыктыруучу.