Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча ачылды

Коом 26 декабрь 2025 12:10
1766668556.jpeg
1766668505.jpg
1766668511.jpg
1766668516.jpg
1766668521.jpg
1766668538.jpg
1766668542.jpg
1766668551.jpg
Алдыга
Артка
1766668556.jpeg
1766668505.jpg
1766668511.jpg
1766668516.jpg
1766668521.jpg
1766668538.jpg
1766668542.jpg
1766668551.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Күн мурун IV Элдик курултайдын алкагында өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин  ачылышына старт берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Социалдык объекттердин катарында Арча-Бешик конушунда  жаңы эки кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы болду.

Бала бакча 0,27 гектар аянттагы жер тилкесинде курулган. Биринчи жана экинчи  кабатта кабыл алуу бөлмөлөрү жана кийим алмаштыруучу жайлар, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, даярдоо жана таратуу бөлмөсү, идиш жуучу жай, жашылча жана кургак азыктар үчүн кампалар, медициналык кабинет, изолятор, дезинфекциялоо бөлмөсү, кир жуу жана үтүктөө бөлмөсү, электр калканы, кызматкерлер үчүн бөлмө жана санитардык түйүндөр жайгашкан.