Арча-Бешик конушунда мектепке 570 орундуу кошумча корпус курулууда

Коом Загрузка... 29 Май 2026 15:05
6a19264b3a431.jpeg

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке кошумча 570 орундуу окуу корпусу курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда үчүнчү кабаты көтөрүлүүдө.

Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 1200гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.