Араванда 200 га жерге кубаттуулугу 105 МВт күн электр станциясы курулат

Аймак Загрузка... 12 Февраль 2026 12:32
---------------------------------------1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев күн электр станциясы курула турган жер менен таанышып, тиешелүү өкүлдөрдүн маалыматын укту.

Алардын маалыматына караганда, станция сырттан келген инвесторлордун каражатынын эсебинен курулат. Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт. Экинчи этапта курулуш толук аяктап, жалпы кубаттуулук 105 МВтка жетет. Жалпы жонунан 450 миңге жакын күн панелдери орнотулат. Инвестициянын жалпы наркы 65 млн долларды түзүп, 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болушу күтүлүүдө.

Облус башчысы инвесторлордун демилгесин колдоорун белгилеп, долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык тараптан көмөк көрсөтүлөрүн айтты.