Арал – Казарман унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

Коом 5 март 2026 18:02
648292394_1234977942144283_6258841088067037062_n.jpg
648149060_1234977862144291_3990711590363035568_n.jpg
648163295_1234977858810958_5691830725932585194_n.jpg
648356824_1234977925477618_829751351748181988_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында тоодон таш кулап, жолдун бир тилкесин жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №18 Жол тейлөө ишканасы түшкөн таштарды тез арада тазалады. Учурда жол ачык. Каттам бар.

Ошондой эле Жумгал районунун Арал – Миң-Куш (3+500–4+600км) унаа жолунда дагы ушундай эле абал катталган.

Учурда №24 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Унаа кыймылы үчүн бир тараптуу каттам берилди.