Ар жума жана ишемби күндөрү: Ала-Тоо аянтында жандуу музыка жаңырууда

Коом 411 28 Июнь 2026 14:35
IMG_4334.jpeg
IMG_4335.jpeg
IMG_4333.jpeg
IMG_4332.jpeg
IMG_4331.jpeg
IMG_4330.jpeg
IMG_4329.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4334.jpeg
IMG_4335.jpeg
IMG_4333.jpeg
IMG_4332.jpeg
IMG_4331.jpeg
IMG_4330.jpeg
IMG_4329.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.06.26. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында улуттук искусствону сактоого жана жайылтууга багытталган жайкы маданий долбоордун алкагындагы кезектеги музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаа Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелерди өткөрүү салтын ийгиликтүү улантууда. Алдыда ар жума жана ишемби күндөрү шаар тургундары жана коноктору ачык асман алдында өлкөнүн мыкты чыгармачыл топторунун жана белгилүү аткаруучулардын чыгармаларынан ырахат алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул ирет музыкалык кечеде көрүүчүлөр үчүн өлкөнүн эстрада жылдыздары өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты. Артисттер белгилүү чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө жылуу маанай, жаркын эмоция жана чыныгы музыкалык майрам тартуулашты. Концертке көптөгөн шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору келип, ар бир номерди өзгөчө жылуу кабыл алышты.