Этностор аралык ынтымак, өз ара урматтоо маданияты жана жалпы жарандык өзгөчөлүктү чыңдоо – Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын башкы артыкчылыктарынын бири. Өлкөдө 80ден ашуун улуттун жана этностук топтордун өкүлдөрү жашагандыктан, мыйзамдарды өркүндөтүү жана мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алуу менен катар, маалыматтык мейкиндикте да туруктуу жана системалуу иштерди жүргүзүү өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө этностор аралык ынтымакты бекемдөө, өз ара урматтоо маданиятын өнүктүрүү жана жалган же такталбаган маалыматтардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги баяндайт.
Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, өлкөдө этностор аралык ынтымакты чыңдоо иштери бир нече багытта жүргүзүлүүдө.
"Кыргыз жараны" концепциясы жана мыйзамдардагы өзгөртүүлөр

Кыргызстан – көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет. Мындай шартта коомдогу этностор аралык тынчтыкты сактоо жана ынтымакты бекемдөө президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле бул мамлекеттик саясаттын этностор аралык мамилелер тармагындагы башкы артыкчылыктарынын катарына кирет.
Бул багыт 2027-2030-жылдарга арналган "Кыргыз жараны" улуттук биримдик концепциясында диний жана этностор аралык мамилелер жаатындагы негизги максаттардын бири катары да белгиленет.
"Кыргыз жараны" жарандык өзгөчөлүгүн өнүктүрүү концепциясы, 2021-2026-жылдары ишке ашырылып, Кыргызстандагы бардык жарандарды алардын улуттук, маданий жана диний айырмачылыктарына карабастан бирдиктүү жарандык коомчулукка бириктирүүгө багытталган негизги стратегиялардын бири болду.
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, концепциянын башкы максаты – өлкөнүн эгемендүүлүгүн бекемдөө жана анын бакубат өнүгүүсү идеясынын айланасына коомду бириктирүү.
Этностор аралык ынтымакты чыңдоодогу маанилүү кадамдардын бири "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр болду. Бул түзөтүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер-жерлерде социалдык чыңалуунун жана мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштерин жүргүзүүгө укуктук негиз түздү.
Тактап айтканда, мыйзамдын 27-беренесине жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына коомдук ынтымакты чыңдоого жана социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу милдети киргизилди.
Улуттук агенттик түшүндүргөндөй, коомдук ынтымак – бул коом мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним менен урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосунда кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдук абал.
Мындан тышкары, облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлдерде коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылыктары иш алып барат. Жарандар этностор аралык мамилелерге байланыштуу маселелер боюнча ушул кабылдамаларга кайрылып, тиешелүү жардам ала алышат. Бул түзүмдөр жаралган көйгөйлөргө өз убагында чара көрүүгө көмөктөшөт.

Ошондой эле коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте республиканын 23 көп улуттуу районунда жана шаарында этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында 10 миңден ашуун түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Бул иш-чаралар калк арасында ынтымакты, өз ара ишенимди жана коомдук туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.
Мындан тышкары, этностор аралык негизде келип чыгышы мүмкүн болгон чыр-чатактарды эрте аныктоо жана алдын алуу системасынын алкагында Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тиешелүү министрликтер жана мамлекеттик органдар менен биргеликте көп тараптуу иш-чаралардын пландарын иштеп чыгууда. Бул пландар мүмкүн болуучу тобокелчиликтерди өз убагында аныктап, алардын алдын алууга багытталган.
Маалыматтык долбоорлор жана жаштар менен иштөө
Улуттук агенттик Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте жүргүзүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин алкагында этностор аралык ынтымакты чыңдоого жана жалпы жарандык биримдикти бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурууда.
Бул иштердин алкагында өлкөдө жашаган ар түрдүү этностордун каада-салты, маданияты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу, сабырдуулук жана өз ара урматтоо маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле жаштардын мекенге, мамлекеттик тилге, улуттук маданиятка жана тарыхка болгон сый-урматын арттыруу аркылуу жалпы улуттук аң-сезимди калыптандыруу көздөлөт.
Маалыматтык долбоорлор негизинен жаштарга багытталып, аларда жалпы жарандык өзгөчөлүктү, коом алдындагы жоопкерчиликти, өз ара урматтоону жана коомдо туура мамиле түзүү маданиятын калыптандырууга кызмат кылат.
Медиа мейкиндикти көзөмөлдөө жана жалган маалыматтарга каршы күрөш
Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борборунун жана этностор аралык мамилелер башкармалыгынын кызматкерлери маалымат каражаттарын жана интернет мейкиндигин туруктуу негизде көзөмөлдөп турушат. Мониторингдин негизги максаты – жалган маалыматтарды жана кастыкты козуткан билдирүүлөрдү өз убагында аныктоо.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. Эгерде жалган маалымат же этностор аралык кастыкты козутуунун белгилери бар материалдар аныкталса, алардын авторлору менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ал эми жарыяланган материалдар этностор аралык жаңжалдарды козутууга багытталган же Кыргызстандын мыйзамдарын бузган учурларда, укук коргоо органдары мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүшөт.
Медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окутуулар
Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, этностор аралык мамилелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган кеңири билим берүү долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында аймактардагы журналисттер, кабарчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн комплекстүү окутуу семинарлары өткөрүлгөн.
Бул демилге санариптик маалымат мейкиндигинде этностор аралык мамилелерге байланыштуу темаларды сапаттуу жана жоопкерчиликтүү чагылдырууга, жалган жана такталбаган маалыматтардын жайылышынын алдын алууга, ошондой эле өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Жалпысынан Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча иштер мыйзамдык реформаларды гана эмес, жер-жерлерде жүзөгө ашырылып жаткан практикалык демилгелерди да камтыйт. Бул багытта өлкөдөгү маданий ар түрдүүлүктү сактоого, ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө жана жалпы жарандык өзгөчөлүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле маалыматтык мейкиндикте жалган маалыматтардын жана кастыкты козуткан билдирүүлөрдүн жайылышына каршы аракеттенүү бул иштин маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Медиа сабаттуулукту жогорулатууга багытталган долбоорлор жана алдын алуу иш-чаралары коомдогу өз ара ишенимди бекемдөөгө, туруктуулукту сактоого жана этностор аралык ынтымакты Кыргызстандын негизги баалуулуктарынын бири катары чыңдоого өбөлгө түзүүдө.