Ар бир мектепте психолог болушу керек – депутат

Жогорку Кеңеш 4712 26 Февраль 2025 14:26
36_main.jpg
41b14450-957a-4344-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
36_main.jpg
41b14450-957a-4344-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек,26.02.25./Кабар/. Ар бир мектепте психолог болушу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Элдар Абакиров бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыр балдарды колдоо абдан маанилүү.

"Балдардын кандай көйгөйлөрү бар экенин биле албайбыз. Муну адистер билишет. Ошондуктан ар бир мектепте психологдор болуп, балдар менен иштеши керек", - деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле өкмөттөн балдар үчүн спорттук жана билим берүүчү курстарды өнүктүрүүнү сунуштады.

"Мүмкүн мектептерге жер бөлүп берип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен балдар борборлорун курушса максатка ылайыктуу болмок", - деди депутат.