Ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө жана өнүгүүгө багытталсын – Арслан Койчиев

Коом Загрузка... 19 Декабрь 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-12-19 at 15.19.18 (12).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө жана өнүгүүгө багытталсын. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев президенттик балатыга катышкан балдарды куттуктап жатып билдирди.

“Силердин араңардан 39 окуучу эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешти. Силер менен чогуу окуган балдар математика, информатика, физика, биология боюнча эл аралык олимпиадаларда, информатика боюнча европалык олимпиадада алтын, күмүш, коло медалдарды тагынышты.

Муну менен бирге спорт жаатында дагы кичинекей досторубуз мыкты ийгиликтерге жетишип жатышат. Азия үчүнчү жаштар оюндарында, Эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында, “Кыргызстан бермети-2025” оюндарында, Эл аралык жаштар мелдешинде, Ташкентте өткөн Жаш спортчулардын таэквондо боюнча турниринде 1, 2, 3-орундарды камсыз кылып, биздин мамлекеттик кызыл туубузду көккө бийик көкөлөтүштү.

Силер - биздин өлкөбүздүн келечеги, кубанычы, үмүтү жана кубатысыңар. Ар бириңердин ичиңерде улуттук бийик дем жана ата-бабалардан калган шык-жөндөм жашайт. Мына ошондуктан, ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө, кыялданууга жана өнүгүүгө багытталсын!

Жаңы жыл силерге ишеним, кубаныч, шыктануу жана илгери үмүт алып келсин”, - деди Арслан Койчиев.