Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинде балдар арасындагы кибербуллинг (кодулоо) маселелерине арналган тегерек стол өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министрдин орун басары Лира Самыкбаева, билим берүү тармагынын адистери жана эксперттер катышты.
Анда "Таалим-Форум" коомдук фондунун изилдөөчүлөрү 2025-жылы жүргүзүлгөн өспүрүмдөр жана жаштар арасында кибербуллингдин жана санариптик жек көрүүнүн жайылышы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыктарын сунушташты.
Сурамжылоого Кыргызстандын 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 128 билим берүү мекемесинин 12 жаштан 25 жашка чейинки 2096 респонденти катышкан. Жыйынтыгында акыркы бир жыл ичинде ар бир экинчи адам онлайн-агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүнө туш болгону аныкталды.
Ошондой эле айрым жаштар үчүн терс санариптик тажрыйба кадимки жүрүм-турумдун "нормасына" айланып бара жатканы белгиленди.
Талкуунун катышуучулары "кибербуллинг" түшүнүгүнө юридикалык аныктама берүүнү жана интернетте балдарды коргоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгууну сунушташты. Ошондой эле мектептерде санариптик этика программаларын киргизүү жана психологдордун ишин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
"Учурда мугалимдер үчүн кибербуллингдин алдын алуу боюнча атайын практикалык колдонмо иштелип чыгууда. Иш-чара Германиянын Гамбург университети жана DAAD кызматы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоордун алкагында уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.