Аптаптуу күндөр алдыда: Бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 15:05
WhatsApp_Image_oXVnuIr.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарындагы 4-июлдан 1-июлга чейинки аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.

Анда белгиленгендей, 4-июлда түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 5-июлда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

6-10-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-июлда күндүз 14 метрге жетиши ыктымал.

4-июль: түнкүсүн 15…17 күндүз 25…27

5-июль: түнкүсүн 13…15 күндүз 29…31

6-июль: түнкүсүн 16…18 күндүз 32…34

7-июль: түнкүсүн 17…19 күндүз 32…34

8-июль: түнкүсүн 18…20 күндүз 33…35

9-июль: түнкүсүн 19…21 күндүз 34…36

10-июль: түнкүсүн 21…23 күндүз 35…37