Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Абанын температурасы жогорулап, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2026-жылдын 17–18-июлуна белгиленген Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер өткөрүлбөйт.
Мэриядан билдиришкендей, муниципалитет шаар тургундарынын түшүнүү менен мамиле кылганына ыраазычылык билдирет жана аба ырайы өтө ысык болгон күндөрү мүмкүн болушунча күн алдында көп жүрбөөгө, жетиштүү суу ичүүгө жана ден соолугуңузга кам көрүүгө чакырат.
Кийинки маданий иш-чаралардын өткөрүлө турган күнү тууралуу кошумча маалымат берилет.