Жандуу үн жана ыр-бий: Алатоо аянтында ачык асман алдында концерт өтөт

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 10:50
719032620_3866980770111760_5949343177126702334_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. 17–18-июль күндөрү саат 19:00дө борбор калаанын Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында жайкы музыкалык кечелер уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн ыр-бий, жандуу аткаруулар жана жагымдуу эс алууга ылайыкташтырылган кызыктуу концерттик программа даярдалган.

Иш-чаранын негизги максаты — борбор калаанын маданий жашоосун жандандыруу, чыгармачыл өнөрдү колдоо жана шаардыктар менен конокторго үй-бүлөсү, жакындары жана достору менен мазмундуу эс алуу үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк түзүү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жайкы музыкалык кечелерге катышууга чакырат.