"Антикино" деген эмне? Эс алуу жайыбы же коомдук коопсуздукка коркунучпу?

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Соңку учурда, өзгөчө ири шаарларда “Антикино” түшүнүгү коомчулукта кеңири жайылууда. Көчөлөрдө илинген “Антикино” жазуусу буга чейин көпчүлүктүн көңүлүн анчейин бурчу эмес. Сыртынан караганда бул мекеме кадимки кафе же эс алуу жайы сыяктуу көрүнөт. Ал эми бул жазууну биринчи жолу окуган адам анын эмне экенине анча маани бербеши мүмкүн.

Бирок, бул жайдын ичин билгендер жана түшүнгөндөр үчүн “Антикино” бул өзүнчө дүйнө. Ал кадимки кинотеатрдан кескин айырмаланат. Ошондуктан көпчүлүктө “Антикино деген эмне?” деген суроо жаралбай койбойт.

анткино 7.jpg

“Антикино” деген эмне?

“Антикино” бул жеке кинотеатр, ал көрүүчүлөр каалаган тасмасын көрө алышат жана төлөм бир гана тасма көрсөтүү үчүн эмес, залдын ижара мөөнөтү үчүн төлөнөт.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда, антикино - бул атайын жабык бөлмөдө уюштурулган, ар кандай фильмдерди же видеолорду көрүүгө шарт түзүлгөн жай. Көбүнчө кардарларга өзүнчө бөлмө берилет. Ички көзөмөл начар болгондуктан, мындай жайларда мыйзамсыз видеолор көрсөтүлүшү, ал тургай тартип бузуу жана ыплас көрүнүштөр да орун алышы мүмкүн.

Буга чейин мындай жайларга дээрлик көзөмөл да, текшерүү да жүргүзүлгөн эмес. Бирок, акыркы убакта антикинолорго карата текшерүүлөр башталды. Бул эмне себептен болду? Соңку күндөрү социалдык тармактарда антикино жайларынын жанында жашаган тургундар мекеменин айланасындагы жагымсыз көрүнүштөр тууралуу видеолорду жүктөп, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Жарандардын айтымында, мындай жайлар жаш өспүрүмдөр көп барган кооптуу жерге айланып, көзөмөлгө алынбай келет.

антикино 8.jpg

Жарандардын кайрылуулары жана маалыматтардын негизинде Ички иштер министрлиги антикинонолорго карата рейддерди баштап, мыйзам бузууларды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-24-октябрында Бишкек шаарында “Антикино” аталышындагы ыкчам-профилактикалык рейд өткөрүлгөн.

анткино 6.jpg

“Тергөөнүн жүрүшүндө, Бишкекте, тактап айтканда, Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде “Антикино” деп аталган көңүл ачуучу жай иштеп жатканы аныкталган. Администрация 18 жаштан жогорку адамдар үчүн арналган порнографиялык, зордук-зомбулук жана башка мазмундагы интернет ресурстарына чексиз мүмкүнчүлүк берген медиа системалары менен жабдылган жекече, караңгы кабиналарды камсыз кылат. Андан тышкары, мекеменин администрациясы келгендердин документтерин текшербейт, жашы жете электердин имаратка киришине же тыюу салынган мазмунга кирүүсүнө жол бербөө үчүн эч кандай чара көрбөйт жана чындыгында мыйзамсыз аракеттерди жасоого көмөктөшөт.

антикино 4.jpeg

Бул мекемелерге баруунун баасы саатына 500 сомдон башталаарын жана аларды жаштардын кеңири чөйрөсү үчүн жеткиликтүү кылаарын эске алганда, бул мекемелер сойкулук, сутенерлик же жашы жете электерди бузууга жана кылмыштуулукка тартууга багытталган башка иш-аракеттер үчүн уюштурулуп жана/же сакталып жаткан болушу мүмкүн. Бул иш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, мындай жайлар ачылганда ишкерлер аларды расмий түрдө “Антикино” деген аталыш менен каттатышпайт. Адатта, алар жөн гана жеке ишкер катары каттоодон өтүп, жалпыланган формадагы ишмердүүлүк түрүн көрсөтүшөт. Мисалы, “көңүл ачуу борбору” же “кино көрсөтүү кызматтары” деген өңүттө. Андан соң өз алдынча бөлмөлөрдү уюштуруп, антикино катары иш жүргүзө башташат. Натыйжада, мындай жайлар расмий түрдө башка аталышта иштеп жатканы үчүн аларга көзөмөл да жетишсиз болуп калууда.

антикино 2.jpg

Эксперт, социолог Абдикайым Жусубалиевдин айтымында, антикино бул жеке менчик кинотеатрлар, аларда кино көрүүдөн тышкары ар кандай оюн-зоокторго катышып, караоке ырдоого да болот. Башында бул жайлар эс алуу жана көңүл ачуу үчүн ачылган. Бирок, соңку учурда антикинолор өз максатынан четтеп, коомчулукта айрыкча жаштар арасында терс көрүнүштөрдү жарата баштады.

“Мындай жайлар коомдук көзөмөлдөн тышкары калып, жаш муундардын туура эмес таасирге кабылышына себеп болууда. Бул көрүнүш биздин эс алуу маданиятыбыздын деңгээлинин төмөндүгүн да көрсөтөт. Эгер антикинолор мыйзамсыз иштерге, жаш өспүрүмдөргө спирттик ичимдик ичип, тамеки чегүүгө же башка зыяндуу аракеттерге жол ачып жатса, мындай жайлар сөзсүз түрдө жабылышы керек. Мамлекеттик органдар мындай мекемелерди көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде иш алып баруусун камсыздашы зарыл. Акчанын артынан түшүп, жаштарды туура эмес жолго салууга эч кимдин укугу жок”,-дейт ал.

антикино 1.jpg

Психолог Жумаказы Жуманазаров бул көрүнүштөргө жол бербөө үчүн мамлекеттик органдар тарабынан мындай учурларды өзгөчө көзөмөлгө алып, алдын алуу иштери күчөтүлүшү зарыл экенин айтат.

“Кадимки кинотеатрларда көрүүчүлөр кинону жалпы залда бирге көрүшөт. Ал эми антикинолордо болсо, кардарлар өзүнчө бөлмөлөрдө, аз сандагы адамдар менен көрүшөт. Бул жайларга көбүнчө түгөйлөр барышат. Коомдук кинотеатрда эл көп болгондуктан ыңгайсыздык жаратса, антикинодо купуялуулук камсыз болгондуктан, кээ бирлери аны жыныстык катнаш үчүн да колдонушу мүмкүн. Мындай шартты түзүп берген мекеме ээлери, кайсы бир мааниде, мындай көрүнүшкө шарт түзүп жатышат. Маселен, бөлмө бир саатка ижарага алынганда, ал убакыт ичинде эмне болуп жатканына көзөмөл жүргүзүлбөйт. Антикино ээлеринин кардарларга тийишүүгө акысы жок болгондуктан, алар бөлмөнүн ичинде каалаганын кылышат.

Мындан да кооптонуучу жагдай - жашы жете элек өспүрүмдөр бул жайларга тоскоолсуз кирип, өздөрү менен баңгизат же спирт ичимдиктерин алып кирип жатышканы. Кире бериште текшерүү жүргүзүлбөгөндүктөн, мындай кооптуу көрүнүштөр орун алууда. Бул жагдай коомдук коопсуздук жана жаш муундардын тарбиясы үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Андыктан мындай жайлар сөзсүз түрдө көзөмөлгө алынып, талапка жооп бербегендери жабылышы керек. Психологиялык жана физиологиялык жактан караганда, синтетикалык баңгизаттарды колдонуу жана спирт ичимдиктерин ичүү адамдын психикасын жана акыл-эстин иштөөсүн олуттуу бузат. Бул көрүнүш тынчсыздануу, стресс жана агрессия сыяктуу терс сезимдерди жаратып, адамдын жүрүм-турумуна терс таасир тийгизет. Өзгөчө өспүрүм курактагылар мындай зыяндуу таасирге тез кабылышат.

Тынчсыздануу күчөп, адам өзүн коомдон четтетип, жалгыздыкка жана депрессияга кабылышы мүмкүн. Мунун натыйжасында окуу процесси үзгүлтүккө учурап, жаштар жетишкендиктерге жетпей, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай калышат. Физиологиялык жактан да организм алсырап, иммундук система начарлайт,”-деди ал.