Антье Гравенин Кыргызстандагы төрт жылдык миссиясы аяктады

Саясат 30 сентябрь 2026 12:00
fa7b4e3b-3680-486b-9b11-a9318d828668.jpg
14ea3e33-ace0-44be-95f4-bbbbb8858f3e.jpg
Алдыга
Артка
fa7b4e3b-3680-486b-9b11-a9318d828668.jpg
14ea3e33-ace0-44be-95f4-bbbbb8858f3e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен анын миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулашып, Антье Гравенин Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору катары төрт жыл ичиндеги биргелешкен ишинин жыйынтыктарын чыгарышты.

Асеин Исаев Антье Гравенин БУУ системасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын белгилеп, 2023-2027-жылдарга карата БУУ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча программасынын жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы жүргүзүлгөн натыйжалуу иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Антье Граве Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал БУУнун туруктуу координаторлор системасын алдыдагы реформанын алкагында Кыргызстандагы БУУнун Өлкөлүк кеңсесинин институционалдык жактан чыңдалышы жөнүндө маалымат берди.