Антье Граве: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы – тарыхый жеңиш

Коом Загрузка... 15 Июнь 2026 17:15
2024-03-29_17-36-53_189673.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар буга чейинки жолугушууда байма-бай кезигип, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулап турууну макулдашканын эскеришип, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу пикир алмашты. 

Марлен Маматалиев Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму менен бардык тармактарда тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп: "Мындан ары да түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, калыптанган өнөктөштүктү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл бурабыз", – деди.  

Ошондой эле баарлашууда туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында мерчемделген пландар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолгон төрага: "Аталган багыттагы жетишкендиктерибиз эл аралык коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Муну өзүңүз да белгилеп, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө «чемпион» экенин билдиргенсиз. Ушундай аракеттер дагы улантылып, 2030-жылга чейин алгылыктуу жумуштар жасалат. Бул багытта мамлекет башчыбыз да олуттуу тапшырмаларды коюп, парламент дагы керектүү иштерди алып барууда", – деп кошумчалады. 

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарын Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, муну тарыхый жеңиш деп атады.

Ошону менен катар өзү жетектеген өкүлчүлүк Кыргыз парламенти менен дайыма кызматташууга, айтылган багыттар боюнча тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Муну менен бирге Бириккен Улуттар Уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракеттерине жогору баасын берип жатканын айтып, мындан ары да өнөктөштүктү өрчүтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.  

Ага ылайык, тараптар айрым мыйзамдар боюнча да пикир алмашып, аларга карата сунуштарын ортого салышты.