Анкара, Ауэзов көчөлөрүндө жана 3 конушта суу өчөт

Коом 549 19 Июнь 2026 16:30
images.jpg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 16.04.01.jpeg
Алдыга
Артка
images.jpg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 16.04.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Алдыдагы шейшембиде, 23-июнда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жана турак жай конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясынанбилдиришкендей, саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу берүү убактылуу токтотулат:

  • Достоевский көчөсү – Анкара көчөсү – Ауэзов көчөсү – темир жол линиясы чектелген аймакта;
  • Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында.

Муниципалитеттен такташкандай, суу "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.