Анимация улуттук маданияттын ийгиликтүү долбоору болушу керек – Койчиев

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 18:35
WhatsApp Image 2026-06-23 at 15.16.41.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргыз анимациясын өнүктүрүү заман талабы болгон өтө актуалдуу маселе. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев балдар үчүн кыргызча анимациялык мультфильмдердин бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз анимациясын жандандыруу — улуттук маанидеги маанилүү долбоор болуп эсептелет жана ага мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Президент тарабынан да бул багыт колдоого алынып, каржылык жардам көрсөтүлгөнү белгиленди.

“Тилекке каршы кыргыз анимациясынын биз ишенген, улантып кете турган өрнөктүү чоң салты жок. Бул маселеге улуттук маанидеги долбоор катары маани берип жатабыз. Буга атайын президент да көңүл бөлүп, каржылык колдоо көрсөттү. Кыргыз анимациясын жандандырууга салым кошо ала турган адамдарды чакыралы деген сунушу бар. Себеби, биз балдарды кыргыз тилинде сүйлөтүү менен тарбиялашыбыз керек. Кыргыз тилинде тарбиялайбыз десе эле сөзсүз калпак кийип, ат минүү эмес, кыргыз иденттүүлүгүнүн пайдубалын балдар аркылуу түптөө керек. Ал эми кыргыз иденттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөдө анимациянын ролу чоң”, - деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Кыргыз иденттүүлүгүн калыптандырууда анимациянын ролун белгилеген Арслан Койчиев эл аралык тажрыйбага токтолуп, Британиядагы балдарга арналган атайын телеканалдарды мисал келтирилди.

“Мисалы, Британиянын улуттук телеканалында 3 жашка, 8 жашка, 15 жашка чейинки балдардын 24 саат иштеген өз-өзүнчө телеканалдары бар. Чоңдор үчүн да 24 саат иштеген өзүнчө каналдар бар. Биз жаш курагына жараша балдарга көңүл бөлүп, ошолордун үлгүсүн алышыбыз керек деп ойлойм. Эмне себептен 3 жашка чейинки балдардын телеканалы деп бөлүшкөн, көрсө балдардын тилин кантип чыгарабыз, байытабыз, тил байлыгы кандай болушу керектигине 2-3 жашынан баштап кам көрүү зарыл экен”, - деди Койчиев.

Мында мамлекеттик катчы мультфильмдерди балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша классификациялоо зарылдыгына токтолду.

“Биринчи мультфильм, анимация даярдоодо балдардын жаш курагына жараша концепциясын иштеп чыгалы. Биз анимациялык ийгиликтин формуласын издешибиз керек деп эсептейм. Анимация улуттук маданияттын келечектеги ийгиликтүү долбоору болуп калшы керек”, — деп жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, күн мурун Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада журналист Керим Айдаровдун 15 сериялуу анимациялык балдар тасмасы тартууланды. Иш-чарада кыргыз тилинде жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган “Билим булагы”, “Атасынын кызы”, “Адептүү балдар” жана башка анимациялык мультфильмдер көрсөтүлдү.