Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган айтыш. Баш байге — батирди Чыңгызхан Кожош жеңди

Маданият Загрузка... 12 Сентябрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Алайда өтүп жаткан Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 12-сентябрда Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык айтыштын финалдык туру өттү.

Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев мыкты чыгып, баш байгени жеңип алды.

Жыйынтыгында орундар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:
• 3-орун — Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),
• 2-орун — Кутман Садыбакасов (300 миң сом),
• 1-орун — Изат Айдаркулова (500 миң сом).

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

Эске салсак, эл аралык айтыштын байге фонду 6 миллион сомду түзүп, баш байгеге Ош шаарынан 1 бөлмөлүү батир коюлган.