Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 11–12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

“Алымбек датка” коомдук фондунун төрагасы, датканын урпагы Абдылдабек Эгембердиевдин билдирүүсү боюнча, иш-чаранын алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык “Айтыш”, улуттук оюндар жана гала-концерт өтөт.

Анын айтымында, учурда даярдык көрүлүп, Алымбек датканын жайлоосунда 200 бой үй тигилүүдө.
"Ошондой эле 11-сентябрь күнү Гүлчө айылындагы Алай райондук маданият үйүндө акындарды тандоо туру өтүп, эртеси күнү финал болот. Байге фонду – 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат.

Ал эми кунан, жорго жана аламан чабыш өткөрүлүп, оюндун бул үч түрүнө үч автоунаа коюлууда. Андан сырткары, ордо, күрөш, аркан тартыш, салбуурун ж.б. улуттук оюндар уюштурулат. Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлеринин катышуусунда гала-концерт өтөт”-деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.