Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн жаңылоо башталды

Аймак Загрузка... 05 Сентябрь 2025 10:10
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Сармазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн жаңыдан куруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, күмбөздөрдү жаңылоо менен бирге көрүстөндүн кире бериши да оңдолот.

Белгилей кетсек, жаңы күмбөздү курууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүшкөн.