Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Акыркы убакта коомчулукта "Кумтөрдө алтын казуу азайып, анын өздүк наркы кескин жогорулады" деген такталбаган маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча так маалыматтарды сунуштайт.
Өздүк нарктын өсүшүнө таасир эткен факторлор Кумтөр кенинде тоо-кен иштерин жүргүзүү шарттары табигый түрдө оорлошуп, алтынды ылгап алуу процесси татаалдашууда. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884 долларды түздү.
Өздүк нарктын жогорулашына дүйнөлүк геосаясий кырдаалдан улам логистиканын жана ресурстардын кымбатташы негизги себеп болду:
- Күйүүчү май – 50%га;
- Реагенттер жана химикаттар – 70%га;
- Электр энергиясы – 92%га;
- Транспорттук чыгымдар (логистика) – 106%га (эки эседен ашык) өскөн. Мурда товарлар үч жумада келсе, учурда жеткирүү мөөнөтү үч айга чейин созулууда. Ошондой эле техникалардын тетиктери 30%га чейин кымбаттады.
2025-жылдын өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү:
- Өндүрүлгөн алтын: 12 081 кг (388 418 унция).
- Алтындын баасы: Жыл ичинде бир унция алтындын баасы 2 882,7 доллардан 4 612,95 долларга чейин көтөрүлүп, орточо баасы 3 711 долларды түздү.
- Жалпы киреше: 1 млрд 434,6 млн доллар.
- Таза киреше: 706 млн доллардан ашты.
- Төлөнгөн салыктар: Мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр катары 246 млн 507 миң доллар которулду.
"Кумтөр Голд Компани" бардык кыйынчылыктарга карабастан, өндүрүштүн натыйжалуулугун сактап, өлкө экономикасына ири салым кошууну улантууда.