Алтындын баасы өсүүдө: Баалуу металл өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет?

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 11:45
1.webp
copyright icon WWW

Алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшүнүн фонунда Кыргызстан алтын казуу тармагындагы өз позициясын чыңдоону улантууда. Баалуу металл өлкөгө чет элдик валюта алып келген эң маанилүү булактардын бири бойдон калууда. Ал мамлекеттик бюджетке чоң киреше киргизип, өлкөнүн эл аралык резервдерин бекемдөөгө жардам берет.

Алтындын баасынын өсүшү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Акыркы жылдары дүйнөлүк рынокто алтындын баасы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Эксперттер муну глобалдык инфляция, геосаясий туруксуздук жана инвесторлордун капиталды коргоочу активдерге өткөрүүгө болгон умтулуусу менен байланыштырышат.

Алтындын наркынын жогорулашы өндүрүүчү өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Дүйнөлүк котировкалардын өсүшү экспорттук кирешенин, салыктык түшүүлөрдүн жана тармактагы ишканалардын кирешелеринин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын Тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков "Кабар" агенттигине билдиргендей, алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

2

Анын айтымында, баалуу металлдын баасы бүгүнкү күндө бир унция үчүн 4 миң доллардан ашып, бул алтын казуу секторунун кирешелүүлүгүн арттырып, алтынды экспорттоодон түшкөн бюджеттик түшүүлөргө оң таасирин тийгизүүдө.

Эксперт ошондой эле алтынды чет өлкөлүк рынокторго, анын ичинде Улуу Британия менен Швейцарияга жеткирүү өлкөгө валютанын олуттуу агымын камсыз кылып, финансылык туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Бюджетке жана мамлекеттик кирешелерге кошкон салымы

Алтын казуу тармагы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин эң маанилүү булактарынын бири бойдон калууда. Олуттуу түшүүлөр салыктар, милдеттүү төлөмдөр жана мамлекеттик компаниялардын дивиденддеринин эсебинен камсыз кылынат.

Тармакта "Кыргызалтын" компаниясы өзгөчө орунду ээлейт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын таза кирешеси 855 млн сомдон ашкан. Компания өлкөнүн стратегиялык активдерин башкарууга катышат жана тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Алтын казуу тармагын өнүктүрүү дайыма маселелери мамлекеттин көңүл борборунда болуп келген. Буга чейин "Кыргызалтын" ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана тоо-кен секторундагы жетишкендиктер жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын аркасында мүмкүн болгонун белгилеген.

3

Анын айтымында, тармакты өнүктүрүүдө президент Садыр Жапаров тарабынан көрүлгөн ырааттуу реформалар жана саясий колдоо маанилүү ролду ойноду. Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле алтын казууну андан ары өнүктүрүүгө, мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана тоо-кен секторунда өлкөнүн позициясын чыңдоого багытталган бир катар милдеттерди белгиледи.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, алтын казуучу ишканалардын ишмердүүлүгү бюджетке олуттуу түшүүлөрдү камсыз кылат жана кен чыккан жерлер жайгашкан аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Тармактын негизги долбоорлору

Кыргызстандын алтын казуу секторунун негизин ири Кумтөр жана Жерүй кендери түзөт. Дал ушул кендер өлкөдөгү баалуу металлды өндүрүүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылат жана өндүрүш көлөмүнө, экспортко жана салыктык түшүүлөргө таасирин тийгизет.

Республиканын эң ири өнөр жай ишканаларынын бири болгон Кумтөр өзгөчө орунду ээлейт. Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, ишкананын кошкон салымы тоо-кен тармагында гана эмес, жалпы өлкөнүн экономикасында да байкалат.

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 8,8%ды түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 147,8 млрд сомго жетти. Кумтөрдү эсепке албаганда, бул көрсөткүч 88,2 млрд сомду түзмөк. Ошентип, ишкананын өнөр жай өндүрүшүнө кошкон салымы аталган мезгил үчүн 59,6 млрд сомду же ИДПнын 22,6%ын түздү.

Мындан сырткары, Кыргызстандын тоо-кен тармагында жаңы ири долбоор – Тоголок алтын кенин иштетүү ишке ашырылууда.

4

"Кумтөр Голд Компани" ААКтан билдиришкендей, долбоор өлкөнүн тарыхында биринчи жолу толугу менен өздүк каражаттардын жана улуттук компаниялардын эсебинен ишке ашырылып жатат. Аны "Кумтөр Голд Компани" көзөмөлдөйт, ал эми иштерди "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК жүргүзүүдө.

ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, кендеги карьер буга чейин пайдаланууга берилген, жакын арада алтындуу катмарга чыгуу пландаштырылууда. Компаниянын баалоосу боюнча, Тоголок кени Кыргызстандын экономикасынын дагы бир кубаттуу артериясына жана финансылык түшүүлөрдүн ишенимдүү булагына айланышы керек.

Алтын жана эл аралык резервдер

Дагы бир маанилүү фактор – алтындын финансылык системанын туруктуулугуна тийгизген таасири. Улуттук банк баалуу металлды эл аралык резервдердин бир бөлүгү катары колдонот.

1761638532-1405780

Олуттуу алтын корунун болушу улуттук валютага болгон ишенимди чыңдоого жана тышкы экономикалык тобокелдиктерден көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет. Глобалдык туруксуздук шарттарында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү алтынды ишенимдүү коргоочу актив катары карап, өздөрүнүн резервдериндеги анын үлүшүн көбөйтүүдө.

Кыргызстандын Тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясынын башкармалыгынен төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков белгилегендей, алтын резервдеринин көбөйүшү улуттук валютанын туруктуулугун чыңдоого өбөлгө түзөт жана инвесторлордун өлкөнүн экономикасына болгон ишеничин жогорулатат.

Диверсификация актуалдуу милдет бойдон калууда

Бирок, экономикада алтындын маанилүү ролуна карабастан, эксперттер андан ары диверсификациялоонун зарылдыгын баса белгилешет.

Дүйшөнбек Камчыбековдун пикиринде, туруктуу өнүгүүнү бир гана сектордун эсебинен камсыз кылуу мүмкүн эмес.

"Бир гана чийки зат ресурсуна болгон көз карандылык экономиканы дүйнөлүк баалардын өзгөрүшүнө жана рыноктук конъюнктуранын кубулуштарына сезгич кылат", – деди ал.

Эксперт сейрек кездешүүчү металлдарды казууну, көмүр тармагын, курулуш материалдарын өндүрүүнү өнүктүрүүнү, ошондой эле жаңы кендерди издөө жана өздөштүрүү үчүн геологиялык чалгындоо иштерин активдештирүүнү келечектүү багыттар деп эсептейт.

6

Жакынкы жылдарга болгон келечек

Аналитиктер орто мөөнөттүү келечекте алтын кыргыз экономикасынын маанилүү ресурсу бойдон кала берерин белгилешет. Буга дүйнөлүк жогорку суроо-талап, иштеп жаткан кендерди өздөштүрүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өбөлгө түзөт.

Муну менен бирге, экономиканын туруктуулугу алтындын баасынан гана эмес, өлкөнүн жаңы тармактарды өнүктүрүү, чийки затты кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү жана жогорку кошумча наркы бар продукцияларды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн да көз каранды болот.

Мындай мамиле Кыргызстанга алтын казуу тармагынын артыкчылыктарын сактап калууга жана ошол эле учурда бир кыйла балансташтырылган жана туруктуу экономикалык моделди калыптандырууга мүмкүндүк берет.