Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарындагы "Алтын Така" мал базарында кеңири масштабдагы дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын алкагында базардын аймагы толугу менен дезинфекцияланып, ошондой эле мал союлуучу жайлар жана базардын аймагында эт сатуу үчүн каралган жайлар да камтылды. Анын ичинде мал кармалуучу жайлар, темир тосмолор, байлануучу мамычалар жана башка тиешелүү объектилер санитардык талаптарга ылайык тазаланды. Мындан тышкары, базардын сырткы айланасы да толук камтылып, санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Малдын кирип-чыгуусун көзөмөлдөө максатында атайын дезинфекциялоочу тосмолор да дезинфекцияланып, ар бир кирген жана чыккан мал милдеттүү түрдө тийиштүү тартипте дезинфекциядан өткөрүлүп жаткандыгы белгиленди. Бул чаралар жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатын көздөйт.