Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов швейцариялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиги менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган компания коргоо чечимдерин жана товарларга байкоо жүргүзүү тутумдарын иштеп чыгууга адистешкен.
Жолугушууда Кыргызстанда алтын жана башка пайдалуу кендерди казып алууга байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.
"Бул тутумду ишке киргизүү кол өнөрчүлүк кендеринин ишин тартипке келтирүүгө, үлгүлөрдү алуу жол-жоболорун өркүндөтүүгө, руданы жана алтынды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга, ошондой эле алтынды жана анын сыныктарын мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Шыкмаматов алтынга байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү өлкө үчүн артыкчылыктуу жана стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.
"Кыргызстанда алтын кендери жана аны казып алган компаниялар көп. Бирок, натыйжалуу көзөмөл механизмдеринин жетишсиздигинен маалыматтарды бурмалоо, айрым жоопкерчиликсиз субъекттер тарабынан өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер жаралууда", – деди ал.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Салык кызматы менен SICPA SA компаниясынын ортосунда олуттуу даярдык иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Жумушчу топ түзүлүп, жол картасынын долбоору иштелип чыкты, практикалык ишке ашырууга өтүү үчүн зарыл негиздер түзүлдү. Тараптар тиешелүү документтерге кол коюуга даяр.
Өз кезегинде SICPA SA компаниясынын башкы директору Филипп Амон жолугушууну жогору баалап, алтын казып алуу тармагында мониторинг жүргүзүү тутумун ишке киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди.
Ал бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындан аркы биргелешкен демилгелер үчүн негиз түзүлөрүн жана башка пайдалуу кендерге да ушундай чечимдерди киргизүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, швейцариялык SICPA SA – акча белгилерин, документтерди жана товарларды жасалмалоодон жана мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоого адистешкен компания.