Быйыл "Альтернативдүү Нобель" сыйлыгына төрт аял татыды

Дүйнө 30 сентябрь 2026 15:35
Быйыл "Альтернативдүү Нобель" сыйлыгына төрт аял татыды
copyright icon WWW

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Быйыл адам укугун коргоо, адилеттик жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эмгеги үчүн "Альтернативдүү Нобель" деп аталган Right Livelihood Award сыйлыгына төрт лауреат татыды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Алардын арасында активист аялдар жана аялдар жетектеген уюмдар бар. Сыйлыкка 72 өлкөдөн 200 талапкер көрсөтүлгөн.

Лауреаттардын бири – пакистандык адвокат Жалиля Хайдер. Ал хазарейлер коомчулугунан чыккан алгачкы аял юрист болуп, этностук, мамлекеттик жана патриархалдык кысымга каршы күрөшүп келет.

Ошондой эле Түштүк Африкадагы Айылдык аялдар ассамблеясы сыйлык алды. Уюм Африканын түштүгүндөгү айылдык аялдарды бириктирип, жер, үрөн жана адам укуктарын коргоо боюнча кыймыл түзгөн.

Үчүнчү сыйлык Грузиянын Жаш юристтер ассоциациясына (GYLA) берилген. Сыйлык жаш юристтер ассоциациясынын өлкөдөгү демократияны жана бийликке жарандык көзөмөлдү коргоого кошкон салымы үчүн берилди.

Төртүнчү лауреат – эритреялык информатика адиси Тимнит Гебру. Ал адилеттүүлүк, адамдардын турмуштук тажрыйбасы жана адам мүмкүнчүлүктөрүнүн чектерин эске алган санариптик технологияларды өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Right Livelihood Award сыйлыгы 1980-жылы негизделген. Лауреаттар сыйлык менен катар өз ишин өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган узак мөөнөттүү колдоого ээ болушат.