Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Марокконун падышасы Мохаммед VI Фатима-Захра Мансурини өлкөнүн өкмөт башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Анда белгиленгендей, Мансури 23-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин дайындалып, Марокконун тарыхында премьер-министрлик кызматты ээлеген биринчи аял болду.
Мансури жетектеген “Аутенттүүлүк жана модернизация” партиясы 395 мандаттын 97син алып, биринчи орунду ээледи. Бирок партия парламентте көпчүлүккө ээ болгон жок. Ошондуктан жаңы өкмөт башчы башка саясий күчтөр менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Фатима-Захра Мансури 1976-жылы Марракеш шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист. 2009-жылы Марракештин муниципалдык кеңешин жетектеп, бул кызматты аркалаган биринчи аял болгон. 2021-жылдан тартып аймактык пландоо, шаар куруу жана турак жай саясаты министри болуп иштеген.
Ал өкмөт башчы кызматында 2021-жылдан бери өлкөнү жетектеп келген Азиз Аханнушту алмаштырат.
Жаңы өкмөттүн негизги милдеттеринин катарында жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу, социалдык теңсиздикти кыскартуу жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин калыбына келтирүү белгиленди.