Күн сайын 1 млрд порция тамак таштандыга кетет – БУУ

Дүйнө 30 сентябрь 2026 11:45
Күн сайын 1 млрд порция тамак таштандыга кетет – БУУ

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Дүйнөдө күн сайын 1 миллиардга жакын порция тамак-аш желбей калып, таштандыга кетет. Анын айынан жыл сайын глобалдык парник газдарынын 8–10%ы бөлүнүп чыгат. Бул тууралуу Казинформ БУУнун жаңылыктар кызматына шилтеме берип билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, ыргытылган азык-түлүктүн 60%га жакыны үй чарбаларына туура келет. Тамак-аш калдыктары таштанды төгүүчү жайларда кычкылтексиз чиригенде метан бөлүнүп чыгат. Ал глобалдык жылуулукту күчөткөн негизги парник газдарынын бири.

БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын өкүлү Майкл Мурата билдиргендей, тамак-аш калдыктарынан чыккан зыяндуу газдардын көлөмү дүйнөлүк авиация тармагынын жалпы көрсөткүчүнөн дээрлик беш эсе көп.

БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы метандын бөлүнүшүн азайтуунун натыйжалуу жолдорунун бири — тамак-ашты ысырап кылбоо экенин белгилейт. Food Waste Breakthrough демилгесинин алкагында 2030-жылга чейин тамак-аш калдыктарын эки эсеге кыскартуу жана метандын бөлүнүшүн 7%га азайтуу максат коюлган.

Адистер тамак-аш калдыктарын башка таштандылардан бөлүп, аба кирген шартта компост кылууну сунушташат. Мындай ыкма метандын пайда болушун кыйла азайтат.

БУУнун маалыматына ылайык, 60тан ашуун өлкө 2030-жылга чейин таштанды секторундагы метандын чыгарылышын 2020-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 30–35%га кыскартууга милдеттенме алган