Мунайдын баасы эл аралык биржаларда арзандады

Дүйнө 30 сентябрь 2026 11:40
Мунайдын баасы эл аралык биржаларда арзандады
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Мунайдын баасы эл аралык биржаларда арзандады.

ТАСС билдиргендей, Лондондун ICE биржасында Brent мунайынын баасы 7-сентябрдан бери биринчи жолу баррелине 96 доллардан төмөн түштү.

Ал эми Brent мунайынын баасы 0,48%га төмөндөп, баррелине 95,7 долларды түздү.

Ошол эле учурда WTI мунайы 3,71%га төмөндөп, баррелине 89,16 долларды түздү.

Негизинен айдын башынан бери Brent болжол менен 13%га жогоруласа, ал эми WTI болжол менен 4%га кымбаттаган.