Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы төмөндөдү

Дүйнө 24 Август 2026 10:30
1051088863_0_320_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рыноктордо мунайдын баасы мурдагы аптадагы өсүштөн кийин кайрадан төмөндөөдө. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

24-августка карата WTI маркасындагы мунайдын баасы баррелине 85,65 доллардан сатылып, 1,41 долларга же 1,62%га арзандады.

Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 93,02 долларды түзүп, соода жүрүшүндө анын баасы 1,45%га төмөндөдү.

Ал эми россиялык Urals маркасындагы мунайдын баасы баррелине 86,32 долларды түзүп, 2,53 долларга же 2,85%га арзандады.