Алмазбек Усенов: Жеке маалыматтарды коргоо – бул технология эмес, ишеним маселеси

Коом Загрузка... 28 Январь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө жеке маалыматтарды коргоо маселеси — бул жөн гана технологиялардын же мыйзамдардын маселеси эмес, ишеним жана чоң жоопкерчилик маселеси. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда маалыматтар мамлекеттик кызматтарда, банктарда, мобилдик тиркемелерде, социалдык тармактарда, жасалма интеллект системалары сыяктуу бардык тармакта колдонулуп, жашообузду жеңилдеткени менен ошол эле учурда купуялуулук жана коопсуздук үчүн жаңы тобокелдиктерди жаратууда.

"Маалыматтардын көлөмү өсүп, технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан азыркы коомдо адамдар өздөрүнүн жеке маалыматтары ким тарабынан жана кандай максатта колдонулуп жатканын түшүнө беришпейт. Маалыматтардын сыртка чыгып кетиши, киберинциденттер жана жарандардын укуктарынын бузулушу барган сайын көп кездешүүдө.

Ошондуктан бүгүнкү улуттук форумдун алкагында биз актуалдуу киберкоркунучтарды, инциденттерге жооп кайтаруу маселелерин, маалыматтарды коргоонун практикалык ыкмаларын, ошондой эле эл аралык тажрыйба жана стандарттарды талкуулап жатабыз",- деди Усенов.

Ал өз сөзүндө жеке маалыматтарды коргоо — бул жалпы милдет экенин белгиледи.

"Мамлекет эрежелерди жана кепилдиктерди белгилейт, бизнес маалыматтарды коопсуз иштетүүгө жооп берет. Ал эми жарандар өз укуктарын билип, аларды коргой билиши керек. Ушундай ыкма гана санариптик технологияларды коопсуздукка жана ишенимге зыян келтирбестен өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өлкөдөгү жеке маалыматтарды коргоо тутумун калыптандыруу багытында ырааттуу иш алып барууда. Биз мыйзамдарды өркүндөтүп, көзөмөл механизмдерин өнүктүрүп, мамлекеттик органдар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүп жатабыз.

Бүгүн өзгөчө көңүл жасалма интеллектти жана көлөмдүү маалыматтарды колдонуу маселелерине бурулууда. Жаңы технологиялар адам укуктарын эске алуу менен өнүгүшү абзел", -дейт ал.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Эл аралык жеке маалыматтарды коргоо күнүнө карата "Жасалма интеллект доорунда маалымат жана коопсуздук" аттуу улуттук форумун өткөрүүдө.