Сауд Аравиядан келген кыргызстандыктар ал жактагы абал тууралуу айтып берди

Коом Загрузка... 04 Март 2026 19:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна Жидда шаарынан Кыргызстандын 90 жараны учуп келди. Ушул эле убакыттын тегерегинде Жидда – Ош каттамы менен дагы 120 мекендешибиз жеткирилди.

Бишкекке келген жарандар Сауд Аравиядагы абал тууралуу айрым маалыматтар менен бөлүштү.

WhatsApp_Image_vBER1EK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Бизди кое бербей жатышты, бирок президенттин, муфтияттын жана элчиликтин колдоосу менен келе алдык. Негизи биз 28-февралда түнү учушубуз керек болчу. Мейманканада жашообузду умра сапарын уюштурган компания камсыз кылды", — деп билдирди жүргүнчүлөрдүн бири Рамис.

Кайтып келгендердин дагы бири Төрөкелди Ашымов уюштуруу иштери жогорку деңгээлде чечилгенин белгиледи.

"Мунун баарын компания уюштурду. Менимче, мамлекеттин колдоосу менен бизге учак бөлүп беришти. Ал жакта кыргызстандыктардын абалы жакшы болчу, баарынын маанайы көтөрүңкү эле. Биз эч кандай жарылууларды уккан жокпуз. Меккеде болдук, ал жакта тынч эле. Биз учуп кетүүгө камынып жатканбыз, бирок ошол күнү бардык каттамдар токтоп калды. Жыйынтыгында үч күндөн кийин учуп келдик", — деди ал.

WhatsApp_Image_2026-03-04_at_18.53.36.width-800

Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн бири Зуура апа өз таасирлери менен бөлүштү.

"Умраны уюштурган компаниянын бардык өкүлдөрү ар дайым биз менен бирге болушту. Бирок баарыбыз эле Аллахтын колунда экенибизди түшүнүп жаттык. Айрымдар атүгүл: "Ыйык жерде дагы бир нече күн калып жатабыз, буга сүйүнүшүбүз керек" деп жатышты", — деди ал.

WhatsApp_Image_sDeMZmd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Белгилей кетсек, Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча атайын каттамдар Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарандарды мекенине кайтаруу иштеринин алкагында уюштурулду.

Эскерте кетсек, эртең Омандан дагы 360 жарандын келиши күтүлүүдө. Кыргызстандыктардын коопсуз кайтып келишин камсыздоо боюнча иштер улантылууда.