Алдыдагы 4 күн аралыгында өлкө аймагында сел коркунучу сакталат

Коом Загрузка... 25 Май 2026 17:20
News_92150620795384385666620280780427328306.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селге байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 25-28-май күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

ӨКМ жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет.