Кыргызстанда 1 800дөн ашык күнөскана иштейт – Жалал-Абад облусу алдыда

Экономика Загрузка... 25 Май 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-05-25 at 11.24.37.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 2026-жылга карата Кыргызстанда жалпы аянты 298,1 гектарды түзгөн 1 831 күнөскана чарбасы иш алып барууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.

Талдоолор көрсөткөндөй, өлкөдө күнөскана секторунун өнүгүшү аймактар боюнча бирдей эмес. Негизги үлүш түштүк аймактарга туура келет.

Облустар боюнча көрсөткүчтөр:

  • Жалал-Абад облусу – 120 гектар аянтты ээлеген 805 күнөскана менен өлкөдө биринчи орунда турат;
  • Ош облусунда – 53 гектар аянтта 390 күнөскана чарбасы иштейт;
  • Чүй облусунда – 81,1 гектар аянтта 311 күнөскана бар (бул аймакта технологиялык жактан өнүккөн ири чарбалардын үлүшү жогору);
  • Баткен облусунда – 19 гектар аянтты түзгөн 186 күнөскана катталган;
  • Ысык-Көл облусунда – 8 гектар аянтта 82 күнөскана иш алып барат;
  • Нарын облусунда – 12 гектар аянтта 40 күнөскана бар;
  • Талас облусунда – 5 гектар аянтты түзгөн 17 күнөскана катталган.

Күнөсканалар кантип жылытылат?

Адистердин маалыматына ылайык, салкын мезгилде (октябрь-апрель) күнөсканаларды жылытууда негизги энергия булагы катары көмүр колдонулат. Учурда чарбалардын 85%га жакыны көмүр менен жылытылат. Негизинен жергиликтүү "Кара-Кече" кенинин көмүрү жана Казакстандан импорттолгон көмүр пайдаланылат.

Электр энергиясы сугаруу, желдетүү жана насос жабдуулары үчүн колдонулуп, чарбалардын 8%га жакыны тарабынан пайдаланылууда. Ал өлкө боюнча орточо 8%ды түзөт. Ал эми жаратылыш газы инфраструктуралык чектөөлөрдөн улам 6%га жакын чарбаларда гана колдонулат.

Жалпысынан өлкөдөгү күнөскана сектору түштүк региондордо активдүү өнүгүп, Чүй облусунда технологиялык жактан модернизацияланган өндүрүш акырындык менен кеңейүүдө.