Аламүдүндө мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 13 Март 2025 17:20
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан Арашан (мурдагы Таш-Дөбө) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө Орто-Сай айылында жайгашкан 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын негизинде, наркы 869 млн 742 миң сомду түзгөн жер тилке мамлекетке кайтарылды.