Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда томолой жетим баланын турак жайга болгон укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу жетим кыздын турак жайы жок экени жана мыйзамда белгиленген тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган.
Прокуратура тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ошондой эле жер тилкесине тиешелүү укук белгилөөчү документтер тапшырылды.