Аламүдүндө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 10 Март 2025 11:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кзматтан билдиришкендей, 2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок, кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган.

Ошону менен бирге 2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 0,89 га жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 28-февралда бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.