Айтматов районунда 6 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Аймак 1743 23 Май 2025 17:25
Рисунок2.png
WhatsApp Image 2025-05-23 at 16.39.12.jpeg
Рисунок1.png
Алдыга
Артка
Рисунок2.png
WhatsApp Image 2025-05-23 at 16.39.12.jpeg
Рисунок1.png
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Айтматов районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 6 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Жоон-Дөбө айылында жайгашкан турмуш тиричилик үйүнүн 0,33 га жана райондук ооруканага тиешелүү 0,62 га жер тилкеси жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 6 млн сомдук жогоруда белгиленген мүлкттөр мамлекетке кайтарылды.